Оштун борбордук базарында өрт чыкты

Ош шаарынын борбордук базарындагы соода контейнерлеринин биринен өрт чыкты. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт бүгүн, 29-майда эртең менен саат 08:00 чамасында чыккан.

"Оштун борбордук базарындагы соода контейнерлеринин биринен өрт чыгып, мындан улам жанындагы 3 контейнерге жалыны өтүп кеткен. Таң эрте жумушка келген сатуучулар түтөп жатканын көрүшкөн. Алардын көбү ачыла элек болгондуктан, соодагерлер түтөп жаткан контейнерди өчүрө алышкан эмес. Арадан 5-10 мүнөт өткөн соң түтөгөн контейнерлер өрттөнүп, жалын кулпуланып турган дагы 3 контейнерге өткөн", - деди маалымат катчы.

Тергөөнүн жана ӨКМнын ыкчам тобунун алгачкы аныктамасы боюнча, өрт туура эмес орнотулган электр зымдарынан чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ZhanMM
2018-05-29 11:47:04
Дагы башталдыбы? Көрө албаган бирөө жасаган го?
0
Chungyz
2018-05-29 11:49:08
Эми соодонар журушот ысырык салынып калыптыр
+1
fantomas
2018-05-29 11:58:48
Менин оюмча кийим кече ж.б.менен азык-тулук сатылуучу соода орундарын болуш керек. Анан кеч базарга берилген токту кечинде электрический рубильник менен очуруп салышы керек базар администрациясы, базар жабылган сон. Ошол бойдон эрте менен базар ачылганда берилиши керек ток. Ошондо электр жабдууларынын айынан орт чыкты деген нерсе азаят...

Ал эми холодильник колдонгон дукондордо ток туну бою калганы менен бир айда бир текшеруудон отуп турушу керек.
+4
fantomas
2018-05-29 12:00:34
Негизи эле кайсы бир контейнерден орт чыкчу болсо, ошол контейнер ээси башка жабылануучулардын чыгымынын жарымын толоп берууго милдеттендирилиши керек... Болбосо мындай койгой кобойо берет...
+2
tynara81
2018-05-29 14:22:17
fantomas, баарын төлөтүш керек. Кошунаңдын шалаакылыгынан өрт чыкса, бекер күйүп кетеби кошунасы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан