Депутаттар эмне үчүн Кулматовдун учурунда бажыда киреше эселеп көбөйгөнүнө кызыгышты

"Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов Кубанычбек Кулматов Бажы кызматынын башчысы болгон учурда эмне үчүн бажыдагы киреше эселеп көбөйгөнүнө кызыкты. Ал аталган суроо менен баш прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылды.

Турускулов: "Интернеттеги маалыматтарга караганда, 2018-жылдын февраль айында борбордук бажыдагы төлөмдөр 2 эсеге, Ош бажысындагы төлөмдөр болсо 10 эсеге көбөйгөнү жазылган. Ушул боюнча текшерүүлөр жүргүзүлөбү же жүргүзүлбөйбү? Мурун эмнеге мынча чоң акча түшкөн эмес?" - деп сурады.

Жамшитов бул маселе боюнча иш прокуратура тарабынан карала электигин билдирди.

Эл өкүлү Башкы прокуратура муну карап чыгышы керектигин айтып, бул жерде кирешени жаап-жашыруу аракети болушу мүмкүн экенин эскертти.

Айта кетсек, бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети баш прокурордун 2017-жылга карата отчётун укту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tular
2018-05-29 16:17:14
Эми ойгондунарбы жепжутарлар???
Райым-миллионду суракка алыш керек анан ошондо белгилуу болот.
Айтпасада тушунуктуу да.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан