Ысык-Көлдө билим берүү кызматкерлери арасында "Ден соолук" аттуу спартакиада өтүүдө

20-июндан баштап “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинде Кыргызстандын билим берүү тутумунун кызматкерлеринин арасында “Ден соолук” аттуу спартакиада өтүүдө. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги билдирет. Мелдештердин башкы калысы Улан Деркимбаевдин маалыматы боюнча, спартакиадада республиканын 7 облусунан жана Бишкек, Ош шаарларынан 700 спортчу катышууда. Спорттук иш-чара айымдар жана эркектер арасында 3 жаш категориясында, футбол, волейбол, стритбол, үстөл тенниси, шахмат, ордо жана тогуз коргоол боюнча өтүп жатат. Спартакиада 27-июнга чейин уланат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан