Украинада орус бийлигин сындап келген журналист атып өлтүрүлдү

Аркадий БабченкоОрусиялык журналист Аркадий Бабченко кечээ, 29-майда Украинада атып өлтүрүлдү. Аталган маалыматты чет элдик басылмалар Украинанын укук коргоо органдарына таянуу менен жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, журналисттин октон жаракат алган денеси Киевдеги үйүнөн табылган. "Бизге бир аял чалып, күйөөсү батиринде канга бөлөнүп жатканын айтты. Ал аркасына тийген октон алган жаракатынан улам "Тез жардам" унаасында көз жумду. Окуя Киев шаарынын Днепр районунда болгон", - деп айтылат украин полициясынын маалыматында.

Маркумдун жакын санаалашы, журналист Айдер Муждабаевдин маалыматына караганда, Бабченко дүкөнгө чыгып, кайтып келе жатканда аркадан атып өлтүрүлгөн. Муждабаев бул окуя Орусия бийлигинин түздөн-түз буюртмасы менен болду деген пикирин билдирген.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги журналисттин өлүмү боюнча Украинадан ачык-айкын иликтөө жүргүзүүнү сурады. Ошондой эле Орусия да бул иш боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Орусиянын Мамлекеттик Думасы "бул окуя журналисттер үчүн Украина кооптуу өлкөгө айланганын дагы бир жолу далилдеди" деген пикирди карманууда.

Бабченко 41 жашта болчу. Ал мурда орусиялык басылмаларда, телекомпанияларда аскердик кабарчы болуп иштеп келген. 2017-жылы ар кандай коркутуулардан улам Орусиядан чыгып кеткен. Былтыр августтан баштап украиналык телеканалда иштей баштаган.

Бабченко буга чейин орус бийлигин сындап, Украинанын Донбасс аймагындагы аскердик операцияларын колдоп келген. Ошондой эле ал социалдык тармактагы баракчасына Донбасстагы жана Сочидеги учак кырсыктары боюнча сейрек кездешкен маалыматтарды жарыялаган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Busi06
2018-05-30 12:32:19
Орус бийлиги Ким Путин болуп калабы ошондо?
0
nabi89
2018-05-30 16:04:26
Орусту сатып кетсе ошондой болот да
+3
emirchik
2018-05-31 01:59:34
Бир саат мурда эле BBC Де суйлодуго олбой эле журот
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан