Криштиану Роналдунун "Реалдан" кете турганы айтылууда

"Реал Мадрид" клубунун оюнчусу Криштиану Роналду "ПСЖ" клубуна өтүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, футболчунун агенти Жорже Мендеш Франциянын Париж шаарына "ПСЖ" клубунун өкүлдөрү менен Роналду тууралуу сүйлөшүүгө барды. Мындан сырткары 29-майда "Реалдын" клубдук расмий сайтында чабуулчунун сүрөтү алынганы маалымдалды.

27-майда Роналду "Реалдын" курамында 4-ирет Чемпиондор Лигасын жеңгенден кийин: "Келечегим тууралуу кийинчерээк айтам. Мен падышалык клубдун курамында ойногонума сыймыктанам. Ал эми жоопту алдыңкы күндөрдө берем", - деп айткан. Португалиялык оюнчу жаңы келишимдин шарттарына нааразы экенин билдирген.

Роналду англиялык "Манчестер Юнайтедден" "Реалдын" катарына 2009-жылы кошулган. Быйылкы сезондо королдук клубдун курамында 45 беттеш өткөрүп, 45 гол киргизген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Makkambaev97
2018-05-30 09:29:38
Соз жок
-3
Rasul94
2018-05-30 10:55:57
Кийинки жылы Псж урат окшойт лчну
0
bond02
2018-05-30 11:19:54
Роналдунун ордун Гарет Бэйл басат.
-8
ArgenMers
2018-05-30 11:56:53
bond02,
Ал мюга кетет
+3
nemo2016
2018-05-30 12:07:45
Баары бир куну кетет деген ушул экенда
0
Isco22
2018-05-30 12:28:58
Кете элек го озунчоле чууу го бул дак. Кетпейм деген кайра. 2 кун мурункуну эми жазып
+2
Syimyk.isaev
2018-05-30 12:33:26
Реалдан кетип эмне кыласын Рон? Ойной бер 2021 ге чейин.
+1
kriss120
2018-05-30 12:36:40
Реалдын кадыры деле кетип калды.Кетседа болот эми.Чыр кылып утуп кетти мына сезонду
-4
Okunboim.
2018-05-30 13:44:49
Аз акча толоп атат деп таарынган экен, ошого кетет окшойт
-3
Alymbek.A
2018-05-30 14:07:21
Кетсе-кетсинчи
-4
Djumahmatov
2018-05-30 15:09:40
Реалдын куйормандары роналдо менен псжга кетип калбагыла анан мен жалгыз калып кетбейин
0
Syimyk.isaev
2018-05-30 19:35:22
Djumahmatov,Эч кайда кетпейбиз.
0
Meni_unut
2018-05-30 15:56:46
Эч жака кетпейт
+1
bond02
2018-05-30 16:01:06
эч жакка кетпей турган болду, акчасын мен толоп койдум.
+3
Bekzamann
2018-05-30 18:13:31
Реалдын фанаттары псжга кететкенда
-1
FCBMESSI
2018-05-30 20:34:15
44 гол эле
-1
Bakulya97
2018-05-30 23:04:26
Кетпейт чет елдик басылмалар жалган айтаберет емнеге дегенде коп жанылык чыгарса Ошо басылманын данкы узакка кетет ошого жалган еле маалыматарды чыгарышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан