"Супер хитке" Алтынай Нарбаева менен Мирбек Атабековдун "Мен сени сүйөм, өмүр" чыгармасы кошулду

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат.

Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт. Бул аптада эң аз добушка ээ болгон видеоклиптин ордуна Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери Алтынай Нарбаева менен Мирбек Атабековдун аткаруусундагы "Мен сени сүйөм, өмүр" чыгармасы кошулду.

"Акыркы жылдары кыргыздын жаш эле өнөр адамдары дүйнөдөн өтүп кеткенден кийин өмүр тууралуу чыгарма издеп жүрдүм. Акыры казак ырчысы Роза Алкожанын репертуарындагы ушул чыгармага токтолдум. Экөөбүздүн үй-бүлөлүк катышыбыз бар. Роза Алкожа Казакстанда жеке концертин өткөрүп, мени чакырган. Концерттин аягында "Мен сени сүйөм, өмүр" чыгармасын аткарды. Чыгарма мага аябай жагып, андан уруксат сурасам, "репертуарымдагы бардык чыгармамды аткара бериңиз" деди. Ырдын сөзүн кыргыз тилине которуп, жаздыргандан кийин бир тойдо ырдап калдым. Анда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, менин окуучум Мирбек Атабеков дагы барган экен. Ал ырды уккандан кийин чогуу ырдайлы деген сунуш жасады. Ошентип кайрадан дуэт жаздырдык. Ошондой эле ыр "Кечээ, бүгүн, эртең" тасмасынынын саундтреги болду. Ал эми клиптин айрым сюжеттери ошол тасмадан алынган. Чыгарманы жаздырууну, клипти тартууну Мирбек Атабеков колго алып, туулган күнүмө белек кылды", - дейт ырчы Алтынай Нарбаева.

23-МАЙДАН 30-МАЙГА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

10-орун - Урмат Усенов менен Нелянын аткаруусундагы "Бактылуу болуп жашайлы" чыгармасы бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.

9-орунду - Самат Эркинбековдун "Той, той" чыгармасы камсыздаган.

8-орун - Чолпон Талипбектин аткаруусундагы "Ищу тебя" клибине буюрган.

7-орун - Эдил Маматов менен Нурмат Садыровдун "Ыйлаба, жүрөк" чыгармасына буюрган.

6-орунду - Амир Аскаровдун "Кызганам" чыгармасы ээлеген.

5-орунду - Анжеликанын "Жаным сага баратам" видеокомпозициясы камсыздаган.

4-орун - Алмаз Шаадаевдин аткаруусундагы "Эми мага баары бир" композициясы 2 баскычка төмөндөгөн.

3-орун - Мурунку аптада тизмеге жаңыдан кошулган Турдакун Ниязалиевдин "Кызыма" видеокомпозициясы алдыңкы үчтүктөн орун алган.

2-орунда - Назминин "Ойлойсуңбу?" чыгармасы жайгашкан.

1-орун - Сайкал Садыбакасованын "Кыялымда жашайсың" чыгармасы жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүүнү кааласаңыз бул шилтемеге баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2018-05-30 13:06:36
Ильяздын хит ыры четтетилгенби? Ошол коп журду окшойт менимче хиттер арасында.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан