Бүгүн "Александр", "Сорвиголова" тасмаларындагы ролу аркылуу таанылган ирландиялык актёр Колин Фаррелл 42 жашка толду.
Ал 1976-жылы 31-майда Ирландиянын Дублин шаарында төрөлгөн. Атасы футболчу, апасы үй кызматкери болгон. Колин Фаррелл 10 жашка чыкканда ата-энеси Дублиндеги Каснлок кыштагына көчүп келишет. Ал жергиликтүү мектепте билим алат. Бирок сабактардан качып, балдар менен көчө таптап, баңгизат чеккен. 17 жашында мугалимин сабаганы үчүн мектептен айдалган. Бул окуядан кийин ал достору менен Австралияга кетип калат.
Көп узабай эле Дублинге кайтып келген Колин Фаррелл бир тууганы Имондун сунушу менен актёрдук чеберчилик боюнча мектепке бара баштайт. Бирок мунун да өтөөсүнө чыкпай таштап коёт. Билим албаса дагы таланты менен кино дүйнөсүнө аралашып, атагы чыгат.
Колин Фарреллдин актёрлук карьерасы 1996-жылы башталып, "Исчезновение Финбара" тасмасында дебют жасайт. Бирок тасмадагы актёрлордун аты-жөнүнө кошулгудай анын ролу маанилүү эмес болгон. 1997-жылы бюджети аз болгон "Сырая нефть" тасмасына тартылган.
Колин Фаррелл жарнамаларга дагы тартылып жашоосуна каражат тапкан. Андан соң "Белый танец", "Страна тигров", "Зона военных действий" жана башка тасмаларга тартылган. Колин үчүн 2003-жыл эң ийгиликтүү болгон. Анткени ал жылы 5 тасмага тартылган. Алардын бири "Сорвиголова". Бул тасмада терс каармандын ролун аткарып атактуу болгон.
Колин Фаррелл 2001-жылы англиялык актриса Амелия Уорнер менен июль айында баш кошуп, ноябрь айында ажырашып кетишет. Андан кийин канадалык Ким Борденейвге жашыруун үйлөнүп, 2003-жылы Жеймс Патрик деген уулдуу болушат. Бирок булардын махабаты дагы көпкө созулбай эки ажырым жолго түшөт.
2009-жылы актёр экинчи ирет уулдуу болуп, наристенин атын Генри Фаррелл деп коёт. Колин Фарреллдин бул жолку тандоосу польшалык актриса Алиция Бахледа болгон. Бир жылдан кийин жылдыздардын үй-бүлөсү урады деген маалыматтар тарап, көп өтпөй эле түгөйлөр бул маалыматты тастыктаган.
"People" журналы Колин Фарреллди 2003-жылы дүйнөнүн эң келбеттүү 50 адамдарынын санына киргизген. Ал эми "Company" журналы ошол эле жылы актёрду дүйнөнүн сексуалдуу эркектеринин алтынчысы деп тапкан.