Чүйдө мектеп окуучусу өз жанын өзү кыйды

Чүй облусунун Панфилов районундагы балдар үйүндө 10-класстын окуучусу асынып алды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"26-майда Панфилов РИИБинин мөөнөт бөлүмүнө аталган районго караштуу Кайыӊды шаарчасында жайгашкан жетим жана кароосуз калган балдар жатак-интернатынын 10-класста окуган окуучусу асынып алгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул окуя боюнча дароо ыкчам-тергөө тобу чыгып, баланын асынып турган жансыз денесин табышкан. Учурда окуянын келип чыгуу себебин аныктоо үчүн териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан