Башкы прокурордун биринчи орун басары Бөкөнбай Казаков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун биринчи орун басары Бөкөнбай Казаков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган.
Айта кетсек, Бөкөнбай Казаков 1972-жылы 1-апрелде Фрунзе шаарында (Бишкек) төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 1994-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.