Нарын облусунун Кочкор районунда эки унаа кагыша кетип, анын кесепетинен 3 адам каза таап, 6 адам жаракат алды. Жол кырсыгы 30-май күнү саат 20:40 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 250-чакырымында катталганын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, анда Ауди 100 үлгүсүндөгү жана Хонда Фит үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшкөн. Кырсык болгон жерде 3 адам (2 эркек, 1 аял) каза болуп, 6 адам оор жаракат алган. Учурда жабыркагандардын аты-жөнү такталууда.
ӨКМнын Кочкор райондук №42-өрт-куткаруу бөлүмүнөн 6 куткаруучу, ИИМдин жана медицина кызматкерлери кырсык болгон жерге барып, куткаруучулар каза болгон жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып беришкен. Жаракат алган адамдар Нарын шаарына бара жаткан унаалар менен облустук ооруканага жеткирилген. Каза болгон адамдар Кочкор райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.