Базар-Коргон райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу (ЖККК) бөлүмүнүн жана "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын айрым кызматкерлери акча каражаттарын ыйгарып алып турган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунун "Кыргыз почта" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери 440 даана протоколдордун жетишсиздигин жана 175 даана административдик укук бузуу жөнүндөгу протоколду жасашкандыгы аныкталган.
"Почта бөлүмүнүн кызматкерлери менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн айрым кызматкерлери жең ичинен сүйлөшүп алып, жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча жалган административдик чараларды каттап, айыптарды төлөө үчүн түшкөн акча каражаттарын ыйгарып алып турушкан. Аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мамлекетке келтирилген зыян болжол менен жарым миллион сомго жакын сумманы түздү", - деп айтылат маалыматта.
Аталган факт боюнча Базар-Коргон райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренесинин 2-бөлүмү (кызматтык жасалмачылык) жана 171-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-пункту (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери улантылып жатат.