14-майда Жалал-Абад облустук соту жашы жете элек кыздарга карата ыплас иш-аракеттерди жасап жүргөн Зафарга (аты өзгөртүлдү М.З.Э.) карата чечим чыгарды.
Аны эмнеге айыптап жатат?
Зафар 2017-жылдын 13-20-октябрь аралыгында жашы жете элек 2009-2010 жана 2004-жылы туулган кыздарга карата сексуалдык ыплас аракеттерди жасаган.
Анын жасаган аракеттери.....
Зафар 2017-жылдын 13-октябрь күнү саат 08:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын Калинин көчөсүндө велосипед тээп бара жатып, көчөдөгү 8 жаштагы Э.А.А. аттуу өспүрүм кыздын жанына токтогон. Андан кийин Зафар анын уяттуу жерлерин кармалап, оозунан тиштеп өөп, ыплас аракеттерди жасаган.
Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, А.Э. денесинен жеңил жаракат алган.
Зафар мындай аракетин улантып, 2017-жылдын 19-октябрь күнү саат 08:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Токтогул көчөсүнөн өтүп бара жатып 2010-жылы туулган С.А. аттуу өспүрүмдүн жанына велосипедин токтотуп, жабырлануучунун уяттуу жерлерин кармалап, оозунан, "кызым, сени жакшы көрөм" деп ээгин тиштеп, ыплас аракет жасаган.
Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, А.С. денесинен жеңил жаракат алган.
Зафар кайрадан 2017-жылдын 20-октябрында саат 07:30дар чамасында Жалал-Абад шаарынын Тайгараев көчөсүнүндө мектепке бараткан Жалал-Абад шаарынын 2004-жылы туулган К.Н.А. аттуу тургунунун жанына велосипед менен келип токтоп, жабырлануучунун моюнунан (желкесинен) колу менен катуу кармап, ыплас аракет жасаган.
Ошол эле күнү саат 07:40 чамасында Жалал-Абад шаарынын Тайгараев көчөсүндө мектепке бара жаткан 13 жаштагы М.Н.Т. аттуу өспүрүм кыздын артынан келип юбкасын көтөрүп, уяттуу жерлерин кармап, ыплас аракет жасаган.
Натыйжада
Сот Зафарды башка иш менен алектенүү укугунан ажыратып, 8 жылга камоо чечимин чыгарган.