Бүгүн, 31-майда эрежесиз уруш боюнча бир катар беделдүү мелдештердин жеңүүчүсү Мыктыбек Мамасалиев 29 жашка толду. Мушкерди куттуктап SUPER.KG порталы байланышка чыкты. Мамасалиев "Туулган күнүмдү досторумдун курчоосунда өткөрүп жатам", - дейт.
"Туулган күнүм менен куттуктап досторум, жакын тааныштарым, туугандарым телефон чалып жатышат. Негизи эле туулган күнүмдү досторум менен сый тамактын үстүндө тосом. Буюрса, бүгүнкү күндү да досторум менен чогуу өткөрөм", - дейт Мыктыбек.
Мыктыбек Мамасалиев Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Шаңкол айылында 1989-жылы 31-майда жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө 9 бир туугандын кичүүсү.
Мыктыбек 14-15 жашынан тарта бокс менен машыга баштаган. 2008-жылы өзүн ММА`ден сынап көрүүнү чечип, ошол эле жылы аталган спорттон Евразиянын чемпиону болот. Бирок эрежесиз урушту таштап, кайрадан бокска кайтып келет. 2008-жылдан 2014-жылга чейин 6 жыл бокста жүрүп, кайрадан эрежесиз урушка кайтып, мушкер бир нече турнирде чемпион атыккан.
Ак Аюу "Жаш-Күч" спорт клубунда машыгып келет. Анын машыктыруучулары - Дүйшөн Төрөкулов, Акжол Ажибеков жана Замир Сыргабаев.
Мыктыбек Мамасалиевдин жетишкендиктери:
- 2008-жылы ММА боюнча Евразианын чемпиону болгон.
- 2010-жылы бокс боюнча өлкө чемпиондугун жеңип, бокс боюнча "спорт чебери" деген наамга татыган.
- 2014-2016-жылдары "Alash Pride" турниринин эки жолку чемпиону. ММА`дин "WMMAF" түрү боюнча Дүйнөнүн үч жолку чемпиону аталган.
- 2015-жылы "Дружба народов" турниринин кубогун жеңсе, 2015-2016-жылдары "WEF Global" мелдешинин 2 жолку чемпиону болгон. Ошондой эле 2015-жылы JFC MMA" турнирин жеңген. Ал эми 2017-жылы эл аралык AFC "Охотники за головами" турниринин жеңүүчүсү болгон.
Үй-бүлөлүк абалы тууралуу айта турган болсок, Мыктыбек Мамасалиев учурда бойдок. Ош мамлекеттик университетинин педагогикалык факультетин бүтүрүп, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынан билим алган.
Соңку ирет 11-майда Казакстандын Алматы шаарында болгон "JFC Young Force" турниринде украиналык Владимир Мищенконун үстүнөн техникалык нокаут менен 1-раундда жеңишке жетип мелдештин оор салмактагы жеңүүчүсү аталды.