ЖЫЛНААМА, 1-ИЮНЬ: 19 жашында сулуулар сынагында 25 миң катышуучуну артта калтырып жеңүүчү аталган немис актрисасы, модель Хайди Клум 45 жашка толду

Бүгүн немис актрисасы, модель, алып баруучу Хайди Клум 45 жашка толду. Ал 1973-жылы 1-июнда Германиянын Бергиш-Гладбах шаарында туулган.

Хайди Клум 19 жашында Мюнхенде өткөн сулуулар сынагында 25 миң катышуучу кыздын ичинен жеңүүчү аталып, моделдик агенттик менен 300 миң долларга келишим түзөт. Мектепти аяктаган соң Дюссельдорфтогу дизайнерлик окуусун таштап, Нью-Йоркко жол тарткан.

Моделдик кесипти аркалаган немис сулуусу 1998-жылы атактуу болуп чыга келет. Тагыраагы, анын купальник кийип түшкөн сүрөтү "Sports Illustrated" спорттук журналынын башкы бетине жарыяланат. Мындан кийин аталган журналдын нускасы 20 миллионго чейин өскөн.

Хайди Клум айымдардын ички кийимин чыгаруучу "Victoria's secret" компаниясынын ишенимдүү моделдеринин бири болууга жетишкен. Хайди мода дүйнөсүнөн жетишерлик атак алган соң популярдуулугун өз пайдасына колдоно алган. Бут кийимдерди, чач жасалгалоо үчүн каражаттарды, айрым моделдер жегенден корккон таттууларды, фаст-фудду жарнамалап келген.

Актриса катары "Отчаянные домохозяйки", "Как я встретил вашу маму", "Заколдованная Элла" жана башка тасмаларда роль жараткан. Ошондой эле "Проект Подиум" телешоусунда калыстар тобунун мүчөсү, аталган долбоордун продюсери катары да таанымал. 2011-жылы "Детские забавы с Хайди Клум" үй-бүлөлүк шоусун алып барган.

2004-жылы Хайди Клумдун китеби жарыкка чыгат. Бир жылдан кийин Хайди Клумдун аты роза гүлүнүн бир түрүнө берилет.

Атактуу немис улутундагы модель 2008-жылы "Форбс" журналынын изилдөөсүндө дүйнөнүн 15 эң бай моделдеринин тизмесине кирген.

Модель 2 жолу турмушка чыккан. Биринчи күйөөсү Рик Пипино менен 1997-жылдан 2002-жылга чейин жашаган. Кийин 2005-жылы Сил аттуу музыкантка турмушка чыккан. Түгөйлөр 4 баланы тарбиялап келишкен (Хайдинин улуу кызын Сил камкордугуна алып, фамилиясын берген). Хайди Клум экинчи жолдошу менен 2012-жылы ажырашып кеткенин билдирген. Андан кийин өзүнүн жан сакчысы Мартин Кристен менен 2 жыл мамиле курган. 2014-жылы модель өзүнөн 13 жаш кичүү Вито Шнабел менен роман курат. Бирок мамиле түбөлүк болбой алар эки башка жолго түшөт. Учурда Хайди Клум өзүнөн 16 жаш кичүү немис музыканты Том Каулитц менен сүйүү мамилесин куруп келет.

1-июнга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ali-han
2018-06-01 12:34:20
Мамиле кура бергени жакшы экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан