"Кыргыз Республикасынын ИИМинин буйруктарын жана нормативдик актыларынын талаптарын одоно бузуп, жоопкерчиликтен качуу үчүн анкеталык маалымдаманы туура эмес көрсөткөнү үчүн жана жасалма номур менен кызматтык автотранспорттук каражатты колдонуп, жол-транспорттук кырсыкка кабылып, ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирген. Ошондой эле жанындагы адамдарга сый мамиле жасабай, оройлук көрсөтүп, Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аброюна шек келтирүү менен коомдук кызуу талкуу жараткан", - деп айтылат маалыматта.
Ички иштер министринин буйругу менен милициянын капитаны А.Абдымомунов ички иштер органдарынан жумуштан бошотулгандыгы айтылат.
Бишкек шаарында мас абалында жол кырсыгына кабылган милиция кызматкери жумушунан бошотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.