Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу режиссёрлук кылган "Атанын керээзи" тасмасы Севастополдо өткөн "Золотой витязь" эл аралык кинофорумунда "Күмүш баатыр" ("Серебряный витязь") сыйлыгын жеңип алды. Бул тууралуу тасманын режиссёрлорунун бири Дастан Жапар уулу билдирди.
"Биздин "Атанын керээзи" тасмабыз Севастополдо 27-ирет өткөрүлгөн эл аралык "Алтын баатыр" ("Золотой витязь") кинофорумуна катышып, "Күмүш витязь" сыйлыгына ээ болду. Ал эми "Алтын баатыр" наамы 3 өлкөнүн (Австралия, Польша жана Орусия) режиссёрлоруна ыйгарылса, "Коло баатыр" армяндык режиссёрго буюрду. Жалпысынан сынакка 28 өлкө катышкан", - дейт ал.
Белгилей кетсек, аталган сынак 22-майда башталып, 31-майда жыйынтыкталган.