Бүгүн “Абактан качуу” сериалынын жылдызы, америкалык актёр Уэнтуорт Эрл Миллер 46 жашка толду.
Ал Англиянын Чиппинг-Нортон шаарында 1972-жылы 2-июнда төрөлгөн. Уэнтуорт Миллер жарык дүйнөгө келгенде анын атасы Оксфорддо жогорку билим алып жаткан. Кийин анын үй-бүлөсү Нью-Йорктогу Парк-Слоуп районуна көчүп келген. Мектепте окуп жүргөндө коомдо расалык теңсиздик бар болчу. Мындан улам аны классташ кызы "негр" деп мазактаган. Анткени атасы афроамерикалык болгон.
Колледжде окуп жүргөн кезинде музыкага жакын адам болгон жана ырчылардын кээ бирлери менен гастролго чыгып, акча таап турган. Кийинчерээк жүрөгү тандаган актёрдук кесиптин ээси болууну көздөп, Лос-Анжелеске бет алат. Ал жакта жөн гана операторлордун жардамчысы катары ишке орношкон.
Актёрдук карьерасын 2002-жылы “Динотопия” деген сериалдан баштаган. Эл оозуна алынып, дарегине жагымдуу сөздөр айтыла баштагандан кийин эле “Караланган кадыр-барк” фильмине тартылууга чакыруу алат. Ал эми “Абактан качуу” сериалына тартылуу атак-даңк алып келет деп күтпөгөнү менен Уэнтуорт дал ушул кино аркылуу чыныгы популярдуулукка жеткен. “Абактан качуу” сериалына тартылуудагы өзүнө жакпаганы денесине тарттырган татуировкалары болгон.
2009-жылы "Гриффиндер" мультфильминде үн коштогон. Муну менен катар эле "Мыйзам жана тартип: Атайын корпус" тасмасына тартылган. Андан кийин "Хаус дарыгер" фильминде роль жаратат.
Актёрдук кесиптен тышкары сценарист катары да таанылган. Тагыраагы, Уэнтуорт Миллер Тэд Фолк деген каймана ат менен "Стокер" деген сценарий жазып, анын негизинде тасма тарткан.
2-июнга карата жылнаама.