Жалал-Абад облусунда коомдогу терс көрүнүштөргө бөгөт коюу уланууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 31-май күнү Жалал-Абад ШИИБинин ыкчам-тергөө тобу оперативдүү маалыматтардын жана коомчулуктун кайрылууларынын негизинде атайын рейд уюштурган.
"Жалал-Абад ШИИБинин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин (сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү) негизинде кылмыш иши козголуп, анын негизинде Жалал-Абад шаарындагы 3 эс алуучу жай текшерилип, алардын бирөө иштеп жаткандыгы аныкталды. Рейд учурунда сойкулук менен алектенген 4 аял кармалган жана текшерүү учурунда бир топ далил буюмдар алынды", - деди басма сөз кызматы.