Мушкер Азат Үсөналиев Орусияда өткөн бокс боюнча эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Санкт-Петербург шаардык бокс федерациясынын сайты билдирүү таратты.
Маалыматка караганда, 26-майдан 31-майга чейин Санкт-Петербург шаарында “Губернатордун кубогу” эл аралык мелдеши болуп өткөн. Мелдешке 15 өлкөнүн боксчулары катышып, 10 салмактык категория боюнча күч сынашкан.
Ал эми Кыргыз өлкөсүнөн барган Азат Үсөналиев 52 килограмм салмактык категорияда алтын медалды жеңип алган. Ал чечүүчү беттеште казакстандык Азат Махметов менен кез келген.