"Сүйүү элеси", "Күлгүн жаш", "Сүйүү деңизи" жана башка ырлардын аткаруучусу, көпчүлүккө KG Эльмурат деген ат менен белгилүү болгон ырчы жаңы темир тулпарлуу болду. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.
"Негизи мен автоунааны 4-5 ай айдагандан кийин башкасына алмаштыра берем. Бул менин 22 же 23үнчү унаам. Буга чейин Mitsubishi үлгүсүндөгү унааны айдагам. Айдаганга, алыскы жолго чыкканга аябай ыңгайлуу болчу. Жакында эле жеке концертимди ийгиликтүү өткөрүп алдым. Ошол концертимден мага эстелик болсун деп жаңы унаа алууну туура көрдүм. Тааныш агаларым Япониядан Mitsubishi Airtrek автоунаасын түз алып келип беришти. Баасы дагы өтө кымбат болгон жок. Эң негизгиси унаам дагы ак жолтой болсун деп ак түстөгүсүн алдым. Биз, чыгармачыл адамдар гастролго көп чыккандыктан ичи кенен, күйүүчү майды аз короткон үнөмдүү унаа керек. Андыктан ушундай талаптарга жооп берген унаалуу болдум", - дейт ал.