Ысык-Көлдө "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси жол кырсыгына кабылып каза болду

Кыргыз өлкөсүнөн чыккан "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова жол кырсыгына кабылып каза болду. Мындай маалыматты Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 2-июнда саат 21:30дар чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда орун алган.

"Унаада 1 айдоочу жана 2 жүргүнчү болгон. Алар Ысык-Көлдөн Бишкекти көздөй бара жатып Чок-Тал айылынын кире беришиндеги мүрзөнү курчаган дубалды сүзүп кеткен. Окуя болгон жерден С.Шакирова аттуу айым каза болгон. Дагы бир 31 жаштагы жүргүнчү алган жаракатынан улам Чолпон-Атадагы ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу туугандары тарабынан Бишкек шаардык №4-ооруканага жеткирилген. Учурда бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Ал эми продюсер Ассоль Молдокматова кечээ, 2-июнда Ысык-Көлдөгү жол кырсыгына кабылып, каза болгон аял "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" Сания Шакирова экенин социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыккан.

Белгилей кетсек, Сания Шакирова 2018-жылы 28-марттан 4-апрелге чейин Вьетнамдын Нянчанг шаарында өткөн "Miss Universe Beauty" (Турмуш курган эң сулуу келиндерди аныктоочу дүйнөлүк сынак) эл аралык сынагына катышып, "Missis world" ("Дүйнөнүн сулуу айымы-2018") наамын жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
mirkaa5182
2018-06-03 14:22:38
Өкүнүчтүү, жаш кетиптир, жаткан жер жайлуу болсун.
+5
-Sumitra-
2018-06-03 14:53:06
Аябай катуу айдаган экен да машинаны.Кандай окунучтуу.
+9
Chungyz
2018-06-03 15:18:14
Сулууну коруп машина да антарылып кетиптир
-9
ALMAAAN
2018-06-03 15:33:09
Катуу айдаганы көрүнүп эле турат
0
BoDiNur
2018-06-03 15:55:50
Тообо кылдым, тообо кылдым. Машинанын тусун карагыла. Ылдамдыкты болушунча которгон да, шашпай эле айдаса экен машинасы барлар!
+6
aerforce
2018-06-03 15:59:15
аябай жаман иш болуптур абайлап айдайлычы машынаны машынадан эч нерсе калбаптыр өтө каттуу скоросто келгенго чамасы
+6
Lekarstvosvoegomuja
2018-06-03 16:02:50
Интервьюсу болсо ссылкасын берип койгулачы супер инфо
+6
Zainidin96
2018-06-03 16:23:44
Окунучтуу
+2
bond02
2018-06-03 16:51:02
Адамдын озу карыбаса да, сапары карыйт да.
+7
aman0296
2018-06-03 16:54:35
Кырсык каш кабактын ортосунда. Эртен бизди кайгы, кубаныч же олум кутуп турганын эч кимибиз билбейбиз.
+4
Jelezo
2018-06-03 17:45:15
Айдоочунун ылдам айдаганы көрүнүп турат астараак жүрсө болбойт беле үч наристени жетим кылбай
+3
tokitok
2018-06-03 18:37:56
Бугун бар да эртен жок деген ушу да кечээ эле интервьюсун окудум эле орустун мен мен деген звездалары мн иштешкенин.
Аллах бейиштин торунон орун берсин!
+1
nurhan2702
2018-06-03 19:19:14
Аиий бул откндогу уч балалуу сулуу беле.жаткан жери жайлуу болсун
+1
Meni_unut
2018-06-03 22:22:01
Ыйлап алдым.Жайы жанаттан болсун!
+1
Cibek
2018-06-04 01:18:09
Админ Сания Шакированын мурдакы интьервьюларын ссылка жиберип коесунарбы сураныч
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан