Орусияда дайынсыз жоголгон кыздын жансыз денеси муздаткычтан табылды

Орусияда дайынсыз жоголгон 7 жаштагы кыздын жансыз денеси көчөдөгү эски муздаткычтын ичинен табылган. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, окуя Кемерово облусуна караштуу Белово шаарында катталган. 29-майда кыздын атасы полиция кызматкерлерине кызы ойногону чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын кабарлаган. Аталган фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, күч органдары, ыктыярчылар, мугалимдер жана жергиликтүү тургундар издөөгө чыккан. Кызды тапкандарга 1 миллион рубль сүйүнчү каралган.

Издөөнүн натыйжасында кыздын өлүгү көчөдөгү эскилиги жеткен муздаткычтын ичинен табылган. Анын денесинде эч кандай жаракат же зордуктоонун белгилери болгон эмес. Мындан улам кыздын өлүмүн аныктоо үчүн соттук медициналык экспертиза дайындалган. Тергөөчүлөр кыз оюн учурунда муздаткычтын ичине кирип кайра чыга албай калган болушу мүмкүн деп божомолдоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Zainidin96
2018-06-03 16:34:33
Азыр балдарынды кочого ойнотуштан да чочулап калдын бир нерсе болуп кетеби деп наристе екен да али жаткан жери жайлуу болсун
+8
bond02
2018-06-03 16:48:58
Мындай Кыргызстанда деле болгон, эски холодильник ичинен сыртка ачылбайт да союздуку.
+11
Okunboim.
2018-06-03 17:03:34
Муздаткычты ачпаганы тан калтырат
-12
Chungyz
2018-06-03 18:08:16
Бекинбечек ойногон окшойт
-3
Qwerty8800
2018-06-03 18:35:00
Зил деген эски холодильник ичинен ачылбайтта байкуш кыз кайдан билсин
+2
taalay25
2018-06-03 21:32:50
Мындай окуя бишкекте да катталган. Баласын издеп милицияга берип мурдакы күйөөсүнөн көрүп телевидениеге кайрылып жүрдү. Акыркы иштебеген холодилниктин исинен чыккан. Жашынмак ойноп кирип кеткен экен
0
ilgizk
2018-06-03 21:39:10
ЭМнеге ачылбайт ичинен, түртсө ачылбайбы
0
Rajo100
2018-06-03 22:07:48
Бугa дa мигрaнттapды куноолоп aлышпaca эле ушулap kылды деп
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан