Бүгүн, 3-июнда Жер ортолук деңизинин Анталияга жакын жээгинде мигранттар бараткан моторлуу кайык сууга чөгүп, 9 адам көз жумду. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, каза болгондордун алтоо жаш балдар болгон. Түркиянын чек ара кызматы тарабынан куткаруу иштерине бир күзөт кемеси жана бир тик учак тартылып, 4 адамды куткарып калышкан.
Аман калгандар жергиликтүү ооруканага жеткирилип, аларга тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, кайыкта 15ке жакын адам болгон. Алар Жер ортолук деңизи аркылуу Европага баратканы айтылат.