Караколдо жол кырсыгынан 6 жашар бала каза болду

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Субару Форестер үлгүсүндөгү унаа 6 жаштагы баланы сүздү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын облустагы басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жол кырсыгы 2-июнда кечки саат 7 чамасында болгон. Анда айдоочу Субару Форестер үлгүсүндөгү унаасы менен Каракол шаарынын Жусаев жана Коёнкөзов көчөлөрүнүн кесилишинде 6 жаштагы баланы сүзүп алган. Бала ооруканага жеткенде каза болуп калган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери башталды", - дейт маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
RaHat19
2018-06-04 22:09:03
ата энесине терен кайгыруу менен конул айтам.Чырпыгы сынса чынары аман болсун дейт элибизде сабыр кылыныздар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан