Камакта жаткан саясатчылардын иши Жогорку Сотто каралат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн, 4-июнь күнү саат 14:00дө камактагы Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков жана коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун иши Жогорку Сотто каралат.
Эске салсак, аталган саясатчылардын жактоочулары 2-майда Жогорку Сотко көзөмөл арызы менен кайрылышкан.
Өткөн жылы 17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүмгө ылайык, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров "кылмышка даярдануу" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылдан эркинен ажыратылышкан. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 24-мартынан тарта эсептелет.
Эрнест Карыбеков "кылмышты жаап-жашыруу" жана "мамлекеттик чыккынчылык" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кесилген. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 26-мартынан тарта эсептелет.
7-февралда райондук соттун чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.