Бразилия жана Хорватия курамаларынын достук беттешинин экинчи бөлүгүндө Неймар алмашууга чыгып гол киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, курамалар беттештин биринчи бөлүгүндө бири-бирине гол киргизе алган эмес, бирок беттештин экинчи жарымында алмашууга чыккан Неймар 69-мүнөттө айып аянтчасынын бурчунан топту алган да, бир нече коргоочуну жазгырып өтүп, дарбазанын жакынкы тогуздугуна гол киргизген. Бул голу Неймар үчүн жаракат алгандан кийинки алгачкы голу болуп калды. Беттештеги соңку голду Бразилия курамасынын чабуулчусу Роберто Фирмино 93-мүнөттө киргизген. Беттеш 2:0 эсебинде Бразилиянын жеңиши менен аяктаган.
14-июнда баштала турган футбол боюнча Дүйнө биринчилигинин алдында Бразилия курамасы Австрия менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Ал эми чемпиондуктун тайпалык баскычынын алкагында алгачкы беттешин 17-июнда Швейцарияга каршы өткөрсө, 22-июнда Коста-Рика менен кез келет. Ал эми 27-июнда Сербия менен ойнойт.