Чоң Чүй каналынан 11 жаштагы баланын жансыз денеси табылды

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 11 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 2-июнда Аламүдүн айылынын Гоголь көчөсүндөгү Чоң Чүй каналында болгон. Анда 11 жаштагы Д.М. аттуу жаран сууга чөгүп кеткен. Издөө иштери 2-июнда башталып, ӨКМдан 35 куткаруучу тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында бүгүн, 4-июнда саат 08:35те маркумдун жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
BoDiNur
2018-06-05 02:11:15
Байкушум иий, ата энесине сабыр
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан