"Ичпечи балам, жок дегенде орозодо ичпечи…" деген сөзү үчүн уулу атасына бычак сайды

"Ичпечи балам, жок дегенде орозодо ичпечи…" деген сѳзү үчүн уулу атасына бычак сайды. Мындай кабарды SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Ак-Буура милиция бѳлүмүнѳ 3-июнда саат 16:25те Ош шаарынын Ленинград кѳчѳсүнѳн ата-баланын ортосунда чыр чыгып жаткандыгы тууралуу кабар келип түшкѳн. Окуяны тактоо үчүн ал жерди тейлеген аймактык милиция кызматкерлери жѳнѳтүлгѳн.

"Аймактык инспектор барган учурда үй ээсинин баласы канжалаган кийимдери менен качууга камынып, эшикке жаңы чыккан. Милиция кызматкери үй ээсинин 32 жаштагы О.Б. аттуу уулун кармап, аны менен үйгѳ киргенде үй ээси, 57 жаштагы атасы канжалап жаткан. Милиция кызматкери алгачкы жардамды көрсөтүп, андан соң ыкчам-тергѳѳ тобун чакырган. Натыйжада жабырлануучунун ѳмүрүн сактап калууга мүмкүн болду", - деп жазылат маалыматта.

Тергѳѳ иштеринин алгачкы жыйынтыктарына ылайык, жабырлануучунун уулу алкоголдук ичимдиктерди кѳп ичкендиктен атасы ага "ичпечи балам, жок дегенде ыйык орозо күндѳрү ичпечи.." деп айткан. Анын сѳзү мас абалындагы баласын ачуулантып, ал ашканадагы бычакты алып, атасынын артынан барып, бычак менен моюнунан кесип жиберген. Анын кесепетинен атасы кѳп кан жоготуп, ѳз учурунда келген милиция кызматкери жана "Тез жардам" кызматынын жардамы менен гана ѳмүрү арачаланып калган.

"Жабырлануучунун берген кѳрсѳтмѳсүнѳ караганда, атасынын өмүрүнүн сакталып калышына милиция кызматкери менен "Тез жардамдан" тышкары бычактын мококтугу себеп болгон. Учурда атасынын ѳмүрүнѳ кол салган тургун Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергѳѳ кызматы тарабынан "Адам ѳлтүрүүгѳ аракет жасоо" беренеси менен кылмыш иши козголду", - дейт маалымат кызматы.

"Ичпечи балам" деген атасына уулу бычак сайды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
aibars
2018-06-04 14:00:24
Наадан акмак, атандан дагы аракты артык кордунбу? Атадан айлан, кызмат кылып колуна суу куйуп коюнду союп торундо сыйынды коро турган убагы элего.
+20
Snikers18
2018-06-04 14:01:10
Кудайым өзүң сактай көр, мындай макулук маңкурттардан!Уул-кыздарыбызга ыйман берекөрчү кудуреттүү Алла таала.
+17
Shokoladka94
2018-06-04 14:05:19
Аллах ыйман берсин адамзатына! Оз атасына кол салган кылмышкер да тийиштуу жазасын алсын
+5
NURTILEK_KG
2018-06-04 14:07:00
Накта ХХХХХХ экенго
+1
Ali-han
2018-06-04 14:07:34
Аллахым ичкилик ичкендерге ыйман бере көр!!!
+5
Mirlan27011987
2018-06-04 16:36:04
Ali-han,
Ыйман бербей эле ичип эле келе жатабыз. Аллах дегендин баары ыймандуу эмес, ичкендин баары ыймансыз эмес.
-8
Ali-han
2018-06-05 01:27:18
Mirlan27011987,Ыйманды Алла таала бере турган адамга гана берет!
0
Almazbek81
2018-06-04 14:13:44
Акмак экенсин атан байкуш сенин мындай бала болоорунду билгенде дубалга эле түшүрүп ташаган эмес экен
+14
aerforce
2018-06-04 14:29:12
Алла каттуу жазалайтко биздеда бала бар оо кудайым балдарга ыйман берекөр
+10
Ulukbek9109
2018-06-04 15:02:22
Мени сасетим болот жакшы иш болбоптур
+3
i1urp
2018-06-04 15:20:29
Орозону жамынып алып ар кимге корунгон идеяны тануулабагылачы. Орозо ар ким озу учун. Бироого орозону милдет кылбай.
-21
Nanei
2018-06-04 15:45:55
i1urp,тануулаган эч Ким жок. Орозо учуранда ичпесен боло деп атасы баласына айтыптыр. Мунун неси жаман.??? ХХХХХХХХХХХХ
+12
admin_superstan
2018-06-04 15:52:18
mirbek_kgz.1990, Nanei, Fakt,
Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар! Порталдын башка колдонуучуларын кемсинтип, мазактоого тыюу салынат!
+3
Mirlan27011987
2018-06-04 16:34:46
Орозо ар кимдин жеке иши. Кармайбы кармабайбы оздору билет. Динди жана диний эрежелерди бироого тануулабай жон жургуло. Орозонун бироого кызы бар болсо бироого жок.
-17
Almaz.bim
2018-06-04 18:31:12
Mirlan27011987,ХХХХХХХХХ калтырып атасын.
+1
admin_superstan
2018-06-05 17:55:18
Almaz.bim, жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар!
0
deva
2018-06-04 17:16:36
Түрмөдө чирип өлсүн
0
Stervamyn
2018-06-04 18:22:42
Арак чыгарган адамга ,саткан адамга ушунчалык нараазымын!!!Президент болсом,биринси очередь спиртноцду жок кылмакмын биздин олкодон
+6
barakcha
2018-06-04 19:26:43
Арак чыгаргандарга элдин каргышы тийсин!
+2
Boldukan86
2018-06-05 00:45:35
Оз атасына кордук корсоткон баланы бала деп да атагын келбейт. Адамга окшош жырткыч десек болот. Бул дуйнодон болбосо ал дуйнодон жазанды аласын мыкаачы.
0
tekebaeva.Arzu
2018-06-05 02:19:23
Арак саткандарга канча адамдын назары калат,жок дегенде орозо айында,Аллахтын ыраазычылыгы учун арагынарды жыйнап турсанар эмне болот,же ушул арак сатпасанар жашоонор уланбай калабы?албетте силер зордоп сатпайсынар,бирок себепкер болуп каласынарда коп жаман иштерге.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан