Орусияда террордук уюмга тиешеси бар делип 2 Кыргыз жараны кармалды

Орусиянын Коопсуздук кызматы Красноярск облусунда Ооганстан менен Сирияга согушкерлерди жөнөтүп турган террордук уюмдун мүчөлөрүн кармашты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Орусиянын Коопсуздук кызматы тарабынан террордук уюмдун 11 мүчөсү колго түшүрүлгөн. Аларга тинтүү жүргүзгөндө тыюу салынган диний адабияттар чыккан. Коопсуздук кызматынын Красноярск облусундагы өкүлчүлүгүнүн билдирүүсүнө таянып, террордук уюмдун 2 мүчөсү Кыргыз өлкөсүнөн барганы жазылат маалыматта.

"Алар телефон аркылуу эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрү менен сүйлөшүп, аларга адамдарды жөнөтө баштаган. Уюмга жарандарды коомдук тамактануучу жайларда видеороликтер аркылуу жана жашаган жерлерине барып үндөп жүрүшкөн. Кармалгандарга карата "террордук аракеттерге көмөк көрсөтүү" жана "тыюу салынган террордук уюмдун иш-чараларына катышуу жана даярдоо" беренелери боюнча кылмыш иши козголду", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
saint-Petersburg
2018-06-04 13:18:11
Дагы эле жээндерден болсо керек
+11
Zarlykbek
2018-06-04 13:26:06
saint-Petersburg,болушу мумкун кыргыз паспортун балмуздак сатып алгандай эле алып каалаганын кылат жаман аттуу болот Кыргызстан. Паспорт не болуп калыптыр жерлерди жайлоо суу баарын сатып атат биздин чондор
+8
tea23
2018-06-06 10:37:08
saint-Petersburg, мен да ошентип айтайын дегем
0
Omush94
2018-06-04 13:35:16
Кудай жазаңарды берсин
+4
karakulja
2018-06-04 14:46:32
Дагы эле Фарух мн Икром да.
+7
Crystal
2018-06-06 07:40:27
Туура айтасыңар жээндерден болуш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан