Кочкор-Атада 51 жаштагы аялдын нан бышырган мешинин ичинен жарым килограмм баңгизат табылды

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында 51 жаштагы аял жарым килограмм баңгизаты менен кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган аймактын ОИИБинин басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков билдирди.

Турдубековдун айтуусунда, ыкчам-иликтөө иш-чарасы жүргүзүлүп, тинтүү иштеринин натыйжасында Кочкор-Ата шаарындагы үйлөрдүн биринен катылган баңгизат табылган.

"51 жаштагы Ю.М. аттуу аялдын үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда жашаган үйүнүн ичиндеги шкафтын үстүндөгү нан бышыруучу мештин ичинде жашырылып турган, жарым килограмм гашиш заты табылды. Маалым болгондой, Ю.М. буга чейин да баңгизатына байланыштуу 3 жолу сот жообуна тартылган", - дейт Турдубеков.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kroxa
2018-06-04 19:56:50
Шумдугун кур нан бышырган мешке канва койгонун кара..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан