Читада өткөн кинофестивалда жаш режиссёр Мээрим Догдурбекованын "Бакыт" тасмасы эң мыкты кыска метраждуу фильм деп табылды

Жаш режиссёр Мээрим Догдурбекованын "Бакыт" тасмасы Читада өткөн Забайкальский крайынын VII эл аралык кинофестивалында эң мыкты кыска метраждуу көркөм тасма деп табылды. Бул тууралуу режиссёр SUPER.KG порталына билдирди.

"Аталган эл аралык кинофестивалы быйыл 7-ирет өткөрүлдү. Ага менин дебюттук тасмам катышып, эң мыкты кыска метраждуу тасма сыйлыгына татыды. Бул кинофестивалга жалпысынан 352 тасма катышкан. Буга чейин бул тасма бир нече эл аралык сынактарга катышып, сыйлуу орундарга ээ болгон", - дейт ал.

Фильм Тору-Айгыр айылынын жаралуу тарыхынын негизинде тартылган. Анда 10 жаштагы Бакыт менен жылкынын ортосундагы мамиле баяндалат. Бакыт - айылда жашаган саяпкердин баласы. Мектептен кийинки бош убактысын аты менен өткөрөт. Тасмада Бакыттын атасы уулун ат чабышка даярдаганы көрсөтүлүп, окуя андан ары курчуйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhaku2017
2018-06-04 18:50:23
Азаматсын Мээрим. Талантын онуго берсин. Кыргыздын таланттуу кыздары.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан