Күрп-Сай ГЭСин жаңылоо боюнча өткөрүлгөн тендерде мамлекетке 1 миллион 775 миң сом зыян келтирилгендиги маалымдалды

Башкы прокуратура Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментин коррупцияга күрөшүү мыйзамдарына ылайык текшерүүгө алды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда башкы көзөмөлдөөчү органдын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын март айында Күрп-Сай ГЭСинин жабдыктарын оңдоо жана жаңылоо боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзам бузууларга жол берилгендиги аныкталган.

"Текшерүүнүн жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин "аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу" жана "коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

"Электр станциялары" ишканасы Күрп-Сай ГЭСинин жабдыктарын оңдоо жана жаңылоо боюнча тендер өткөргөн. Анда тендердин талаптарына ылайык келбесе да "Н.” компаниясы жеңүүчү деп таанылган. Ал ГЭСти жаңылоо үчүн 17 миллион 199 миң сом өлчөмүндө эң жогорку бааны сунуш кылган. Ал эми тендердин башка катышуучуларынын сунуштары четке кагылган.

Бул чечимге нааразы болгон “И.” компаниясы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин көз карандысыз мекемелер аралык комиссиясына арызданган. Ал 14 миллион 828 миң сом өлчөмүндөгү эң төмөнкү бааны сунуш кылганын билдирген.

Нааразы болгон тараптын арызы көз карандысыз мекемелер аралык комиссия тарабынан каралган. Комиссия "Электр станциялары" мамлекеттик сатып алуу мыйзамын одоно бузган жана "И." компаниясынын өтүнүчүн атайын караган эмес" деп мурдагы чечимди жокко чыгарышкан.

Жыйынтыгында "Электр станциялары" ААКсы "Н" компаниясы менен 16 миллион 604 миң сомдук келишимге кол коюп, мамлекетке 1 миллион 775 миң сом өлчөмүндө материалдык чыгым алып келгендиги аныкталды", - деп жазылат билдирүүдө.

Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Azat.97
2018-06-04 19:19:05
Коррупцияга жол жок!
0
Chungyz
2018-06-04 19:26:08
Коррупция алга! Оркундой бер осо бер оз тагдырын колунда
0
emirchik
2018-06-04 19:30:19
Жеенбеков жакшы иштеп жатат менимче,буга окшогон иштер да чекесинен чыгат жакшылап текшерсе!
-2
fantomas
2018-06-04 19:39:42
emirchik, ошону айтсан, 3,3 гектарды Кытайга берип туура кылды. Эми эртен Кытайга барып 70 миллион доллар алып келгени жатат, эми "элге окшоп" жебесе болмок беле?!!...))

Шадиевди качырып туура кылды. Эми Исаков, Кулматов, Сегизбаев, Жолдубаева ж.б. качса олкодон, ЖЭБ менен Тарых музейиндеги негизги коррупционерлер ошолор болчу деп сыртынан окум чыгарып, анан теманы жаап койсо бутту ошону менен.....
+1
fantomas
2018-06-04 19:41:56
Демек ошону менен тиги "И" компаниясы арыз менен кайрылбаса жабылуу аяк жабылуу болуп калып кетмек экен да ээ?

Чукуласа мындан да коооп миллиондор уурдалган болот...
+1
Atas
2018-06-04 19:54:17
Каякты караба бут эле желген млндор ушинтип отурса Кыргызстан жок болуп кетуу коркунучу жогорулай берет азыртадан жегендердин качып кеткендердин бут туугандарын уй мулкторун конфискация кылып тыкыр козомолго алып мамлекетке кайтарып тышкы карыздарды толотуш керек . Карыздарды карапайым эл алган жок ошол млндорду чон кызматтагылар чиновниктердин туздон туз тиешелери бар бирок умныйлар мулкторун жакын туугандарына каттатып койгон эч ким билбейт деп ошол туугандарын кысыш керек качкындардын
0
baisogur
2018-06-04 20:14:42
Мурда коррупция оркундоп атканда тып тынч отурганбыз,эми чекеден чукулуп жол ачылып жатканда критик кылып Жеенбековту жамандап жатабыз колдоо керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан