Жети-Өгүздө тургун чымчыкты атам деп жатып кошуна келинди атып алды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылынын тургуну чымчык атам деп, адашып кошуна келинди атып алды. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Басма сөз катчынын айтуусуна караганда, окуя 3-июнда болгон.

"Кызыл-Суу айылынын тургуну короого конгон чымчыктарды тир менен атып жатып, кокусунан короосунда жуулган кийимдерди жайып жүргөн 37 жаштагы кошунасын атып алган. Жабыркаган келинге ооруканадан биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, келин кайра үйүнө кайтарылган. Ал кошунасына карата арыз жазган эмес. Учурда тийиштүү экспертизалар тартылып, териштирүү иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары тир ээсинен алынган, эгер мыйзамсыз алып жүргөн болсо, анда административдик чара көрүлөт", - дейт басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Snikers18
2018-06-04 14:59:03
Көзүн кудай сактаптыр. Сокур болуп калса эмне болмок???
+10
munar1980
2018-06-04 15:03:18
Не тирге да уруксат алыш керекпи
+14
i1urp
2018-06-04 15:17:43
Кыйын мергенчи экен
-3
Mars575
2018-06-04 15:18:28
Сени менен ууга чыккан адам, тооба кылдым эмне болот анда. Азамат аткыч экенсин.
+11
Shokoladka94
2018-06-04 15:52:55
Кырсык каш-кабактын ортосунда болуптур. Байкуш чымчыктарды аткылабай эле койсо болмок экен
+13
karakulja
2018-06-04 16:39:47
Келин анын козуно сагызган болуп корунсо
керек да шакылдап!
+26
jumaev0084
2018-06-04 19:58:51
karakulja,Жардынго тууган ичим ий
+3
Dembele84
2018-06-05 11:20:24
karakulja,ха ха ха ха
-1
aerforce
2018-06-04 16:42:33
тирге эч кандай докмент берилбейтко мыйзамдуу мыйзамсыз деп
+4
Rifle_I
2018-06-04 17:39:14
Калибр 4.5 мм, күчү 3 джоулдан ашпаса алып жүрсө берет. 3 джоулдан ашып кетсе өлдү дей бер.
+3
Ak_Bulut
2018-06-04 22:10:16
Так ушундай окуя болгон. Байкем радионун батарейкаасы менен корука конгон чымчыкты чабам деп жанылып, Кир жайып аткан эжемди чекесин чыгара чапкан, азыр да тырыгы бар. Ошол окуч кайталаныптыр да.
+2
Meni_unut
2018-06-05 09:44:34
Кожожаш
-2
bakyt_17.08
2018-06-05 12:00:19
Атайын эле атты гоо
0
Rasul94
2018-06-05 12:03:32
Ак уйдун устуно конгон чымчыктарды атса жакшы болот эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан