КИНОЗАЛ: ЭКСКЛЮЗИВ! Назира Жетигенованын "Сахнада 20 жыл" аталышындагы концерти SUPER.KG порталында

SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнө куудул, актриса жана ырчы Назира Жетигенованын 2018-жылдын 24-апрелинде койгон "Сахнада 20 жыл" аталышындагы жеке концерти жүктөлдү.

Куудул айым жеке концертин туулган күнүндө өткөргөн. Кош майрамды бирге белгилеп, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияга калың элди чогулткан Назира Жетигенова концертке декабрь айынан бери даярданган.

"Концерт мен ойлогондой башталды. Биринчи бөлүктө атайын мага көп берилген суроого жооп иретинде күйөөгө тийүү тууралуу сатиралык номер даярдаганбыз. Экинчи бөлүктө да жалаң жаңы тамашалар орун алды. Бул концертке өткөн жылдын декабрь айынан тартып даярдана баштагам. Жаман болгон жок, купулума толду. Негизгиси залды бош калтырбай келген күйөрмандарыма ыраазы болдум. Азыр концерттен бир гана кол чабуулар эсимде калыптыр", - дейт куудул.
Куудулду туулган күнү жана юбилейлик концерти менен куттуктап бир тууганы Алина Жетигенова, ырчы Дайыр Исмадияров, "Жоролор" тобу жана кесиптеши Гүлжайна Атаканова келген.

2 сааттан ашуун убакытка созулган концертте Назира Жетигенованы күйөөгө узатуу демилгеси көтөрүлүп, күйөө балага "Чыпалак баатыр" аттуу каймана аты менен таанымал Зарылбек Аликенов сунушталган. Концерттеги өзгөчө номер көрүүчүлөргө жылмаюу тартуулап, зал күлкүгө жаңырды.

Концертти көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан