Бахтияр Дүйшөбеков жана "Дордой" клубу эки тараптуу чечим менен эмгек келишимин жокко чыгарды. Бул тууралуу аталган клубдун расмий баракчасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, футболчу карьерасын Малайзиянын "Келантан ФА" клубунда улантат.
Алгач футболдук карьерасын 2010-жылы "Абдыш-Ата" клубунда баштап, анын курамында 2015-жылга чейин ойногон. Ал эми 2016-жылы Белорустун "Крумкачы" клубунун курамында бир жыл оюн өткөрөт. 2017-жылы Түркиянын "Егирдирспор" клубунун курамында ойноп, ошол эле жылы кайра "Абдыш-Ата" клубуна кайтып келген. Ал эми "Дордой" менен 2017-жылдын декабрь айында келишим түзгөн.
Кошумчалай кетсек, Бахтияр Дүйшөбеков улуттук курамга 2015-жылдан бери чакыруу алып келет.