АКШда аялы мышыкты сабаган күйөөсүн атып өлтүрүп, өзү абакка отурду. Мындай маалыматты батыш басылмалары жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, АКШнын Даллас шаарынын тургуну 47 жаштагы Мэри Харрисон күйөөсүнө карата ок чыгарган. Окуя болгон жерге полиция кызматкерлерин Мэри Харрисон өзү чакырган. Ал жакшы көргөн мышыгын күйөөсү сабаганы үчүн уруша кеткенин айткан. Аябай ачуусу келгендиктен, Мэри күйөөсүн атып салган. Ал эми күйөөсү алган жаракатынан улам каза болгон.
Учурда Мэри Харрисон Далластагы абактардын биринде камакта жатат.