Криштиану Роналдуга дүйнө чемпиондугунда ММА мушкери жан сакчылык кылат

"Реал Мадрид" клубунун жана Португалия курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналдунун коопсуздугун 2018-жылы өтчү дүйнө чемпиондугунда ММА мушкери Гонсало Сальгадо камсыздайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, Сальгадодон сырткары мурунку десант кызматкери Нуно Марекос да футболчуга жан сакчылык кылмакчы. Марекос буга чейин Португалияда жеке компаниянын жан сакчысы болуп иштеп келген. Ал эми Сальгадо ММА боюнча 9 жогорку беттешке катышып, 7 жолу жеңишке жеткен.

Нуно Марекос Киев шаарында өткөн Чемпиондор Лигасынын финалында Роналдунун коопсуздугун камсыздап берген.

Эске салсак, футбол боюнча дүйнө чемпиондугу быйыл 14-июндан 15-июлга чейин Орусияда өтөт. Португалия курамасы өз тайпасында Испания, Иран жана Марокко менен беттешмекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nukura_jigit
2018-06-04 21:00:12
Аа жакшы
-1
Aidar.001
2018-06-04 21:00:16
Суу, пуусун ташыганы ишке адам албайт бекен?
+15
aiba-889290
2018-06-04 22:21:35
Туптуура 15 жыл мурда ушу куну КР7 МЮ менен контракт тузгон,а дальше уже история.
+1
admin_superstan
2018-06-05 12:45:06
Rasul94, KYRGYZ_bolson_BRAT, Mbappe, azabraza,
Кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар! Эскертүү!

azabraza, эскертүү сызыңыз толгондугуна байланыштуу түбөлүк БАНга!
-1
Majit1975
2018-06-05 16:32:41
Жанкарач деген кыргыз сакчысы да бар беле?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан