Чүй ОИИББи: "Сокулукта 36 жаштагы киши аялын жана эки уулун сабап, көчөгө таштап койду"

Чүй облусунун Сокулук районунда 36 жаштагы киши аялын уруп, ал коркуп качып кеткенде балдарын сабап, денелерине залал келтирип, көчөгө таштап койду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекемеден билдиришкендей, 4-июнда саат 21:00 чамасында Сокулук райондук ооруканасына 2 жана 5 жаштагы эки бала денесиндеги ар кандай жаракаттары менен түшкөнү кабарланган.

"Бул факт боюнча ыкчам-тергөө тобу чыгып бара жатканда, Сокулук айылында жашаган 24 жаштагы аял оозеки арызы менен кайрылган. Ал 36 жаштагы күйөөсү мас абалында эч себепсиз аны сабай баштаганда үйүнөн коркуп качып кеткенин айтты.

Андан соң күйөөсү үйдө калган уулдарын кармап, уюлдук телефон кубаттагычы менен эч себепсиз кыйнап, уруп-сабап денелерине залал келтирип, көчөгө таштап койгонун билдирген. Кошуналар сабалган балдарды көрүп, "Тез жардам" кызматын чакырып райондук ооруканага жеткирген", - дешти милициядан.

Учурда эне жана балдары ар кандай жаракаттар менен райондук ооруканада дарыланып жатканы айтылды. Аларды сабады делген киши кармалды. Тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
fantomas
2018-06-05 14:09:53
Турмонун тамагына зар бол, ошол балдарынан топурак буюрбасын деп айткын келет экен, мындай мыкаачыларды коргондо.....
+13
barakcha
2018-06-05 14:19:02
ХХХХХХХХХ Аялдарын урган эркек ХХХХХХХХХХ болуп калсын!
+8
Pandora
2018-06-05 14:23:43
Колун сынгыр
+3
engel
2018-06-05 14:24:18
Олуп кеткир аялын сабаганы аз келгенсип балдарында эмне куноо эй 2жаштагы бала эмнени тушунот? Байкуш балдар.. азыркы замандын балдарынын кобу кордук коруп чонойуп жатат
+6
Ferdews
2018-06-05 17:13:23
engel,Туура !Азыркы балдар коп кордук коруп жатышат,эртен булардын келечеги кандай болот,журоктору муз болуп((
+2
aman0296
2018-06-05 14:27:44
Мындай адамдардын орду бир гана турмо
+5
salimbek87.kg
2018-06-05 14:36:18
Алсыз эркек аялына кол көтөрөт бул ХХХХХХХХ балдары на да кол көтөрүптүр жазалансын
+4
ETAAA_18
2018-06-05 15:30:21
Балада эмне куноо??? Ошондой эле кучун ашып баратса ХХХХХХХХХ
+2
Diyana
2018-06-05 16:55:12
Озу мин келтек жесе да качпай эле койбоптурда, байкуш балдарын таштап. Эсимде менинда куйоом эки кичинекей кыздарым чуркап тополон кылып ойносо , жини келип байкуштарды бир эки жулкулдатканга жетишти, озум ортого тушкучом и озум да келтек жегем. Чыпалактай балдарга кучун чыгарганга озум эле олтуруп коцгум келген. Азырго чет жактабыз. Барганда кулагына куюп турам кыздарга катуу тийсен менден жакшылык кутпо деп
+4
Diyana
2018-06-05 16:58:25
Азырда кыздарым коркушат. Мындайлар мн кээде жашагын да келбей кетет, балдарына ата керек, анан биз деген эл эмне дейт деген принцип мн жашап конгонбузда...
+2
barakcha
2018-06-05 22:27:15
Diyana,жапайычылык!Эл эмне дейт дебей кыздарыныздын келечегин ойлобойсузбу?Ошондой эрдин эмнеси керек сизге?!
+2
deva
2018-06-05 18:03:30
колу сынсын, баладан катындан айлангыр
+2
Snejana
2018-06-05 21:15:09
2 аял алабыз, жетим-жесирлерди багып" деп коюшат. Мына, биздин эркек сооройлордун жузу. Уруп сабабай, тарбиялап албайбы. Кыйраткансып уруп, кочого таштап коюшат.
+3
Snejana
2018-06-05 21:17:50
Ошентип коюп, мыйзам кабыл алына калса, уйлоно койсом" деп жаш, сулуу кыздарды издеп журушот. Озулорунун кызыкчылыгын ойлоп.
+3
guli-1980
2018-06-05 23:05:31
2 бала мн неге эрге тиет. Озу бакса болбой беле
+1
Almazbek81
2018-06-06 00:35:37
Супер инфо урган бала тууралуу да жазбайсынарбы?кылымыш иш козголду деп эле койбой.урган бала милициянын баласы дейт .
+2
Jasa
2018-06-06 14:36:01
Урматтуу супер инфонун жамааты ушул эже менен кантип байланышса болот?
Тел ном калтырып коесуздарбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан