Нигерияда 180 адам түрмөдөн качып кетти

Нигериянын Минна шаарында жайгашкан түрмөлөрдүн биринен 180 адам качып кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, окуя 3-июнь күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00 чамасында катталган.

Нигериянын ички иштер министри Абдулрахман Дамбазанын айтымында, качкандардын 30дан ашыгы көп узабай кармалып, түрмөгө кайтарылган. Калган 150 адамды издөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

Айрым маалымат каражаттары жазгандай, түрмөдөгүлөрдүн массалык түрдө качуусуна абакка кол салуу болгону себеп болгон. Ошол учурдагы баш аламандыкта соттолгондор качып кетүүгө үлгүргөн. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатканы кошумчаланат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
salimbek87.kg
2018-06-05 14:39:34
Пабег болуптур да бирок жакшы болбоптур
+1
jbolotov
2018-06-05 16:26:31
Буларда качып кетиптир, бизде крим тоболду самолетко чейин узатып учуруп койот. Африкаданда отуп кетиптир биздикилер.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан