ЖЫЛНААМА, 6-ИЮНЬ: "Мыкты жигиттер" тасмасындагы ролу менен дүйнөгө таанылган түштүк кореялык актёр, музыкант Ким Хён Жуң 32 жашка толду

Бүгүн түштүк кореялык актёр жана ырчы Ким Хён Жуң 32 жашка толду. Ал 1986-жылы 6-июнда Сеулда төрөлгөн.

Хён Жуң тасмага келерден мурун, 2005-жылы беш жигиттен турган “SS501” ырчылар тобун негиздеген.

Күйөрмандар балдардын ар бирине лакап ысым арнап, ал эми Хён Жуңду “красавчик” деп атап алышат. Бирок өзүнө бул лакап аты жакпайт. “Сырткы көрүнүшүмө карап жагымдуу жигиттерге таандык ролду бергендерин туура көрбөйм” дейт. Топ бат эле Түштүк Кореяда популярдуулукка жетип, акырындык менен коңшу өлкөлөрдү да багынта баштайт. Хён Жуң жеке ырчы катары иштеп кете аларына көзү жетип, 2011-жылы топтон кетет. Аталган топтун курамындагы жигиттер дагы өз алдынча кетишкен. Бирок алар качандыр бир мезгилде кайра топко кайтып келерин айтып келишет.

Хён Жуң Кйонгги университетин аяктап, бош убактысында гитара чертүү, пианинодо ойноо жана бийлөө менен алектенген. Жеке ырчы катары бир нече альбомдорун жаздырып, дүйнөлүк чарттардын катарынан орун алган.

Музыкант катары таанылган Хён Жуңдун актёрдук тушоосу 2009-жылы кесилет. Тагыраагы, киножаратуучулардан ырчыга "Мыкты жигиттер" тасмасына тартылууга сунуш түшөт. Аталган фильм дүйнөгө тарап, ырчынын кинодогу алгачкы кадамы ийгилик менен коштолот. Ушул тасмадагы ролу үчүн Сеулда өткөн кинофестивалда эң мыкты актёр деп табылат. Киножаратуучулардын кылтагына илинген Хён Жуң "Күлкүлүү өбүшүү”, "Шаарды басып алуу", “Бийиктиктерге жете кыялдан”, "Жаштардын мезгили" тасмаларында роль жараткан.

Дүйнөгө таанымал көз күйдүргөн бойдоктордун катарында Ким Хён Жуң дагы бар. Жергиликтүү маалымат агенттиктери атагы арткан актёрдун сүйүү романдары тууралуу маалыматтарды жазып келет. Бирок Хён Жуң азыр үй-бүлө курууга даяр эмес экенин айтып келген.

* 2014-жылы Хён Жуңдун мурдагы сүйлөшкөн кыздарынын бири Чхве "Хён Жуңдун баласын курсагымда көтөрүп жүрөм. Андан боюмда бар", деп ызы-чуу салат. Музыкант "эгерде ДНКнын жыйынтыгы менин балам экенин аныктап берсе, баланы багуу жоопкерчилигин моюнума алам" деген. Бирок чуу жараткан окуядан бүгүнкү күнгө чейин далилдүү маалымат жок.

* 2009-жылы сентябрда Хён Жуң чочко тумоосуна чалдыгып, эки ай бою ооруканада жатып дарыланган.

* Башкы ролду ойногон “Күлкүлүү өбүшүү” сериалы Youtube'да эң популярдуу кореялык сериал деп табылган. Аны беш күндүн ичинде 1 миллион адам көрүп чыккан.

* “Мыкты жигиттер” сериалына тартылып жатып өтө чарчагандыктан эсин жоготкон. Ал сериал тартылып бүткөнгө чейин 8 килограммга арыктап, депрессияга кабылган.

* Башка планетанын адамдарына жолугууну жана ачык космоско чыгууну тилейт. “Чоочун планетанын тургуну капысынан пайда болуп “биз менен жүрү” десе, ойлонбой туруп кошо кетмекмин” деген кеби менен таң калтырган.

* Актёр жана музыкант 2015-жылы Корей аскердик кызматына тартылып, 2017-жылы кызматын аяктап келген.

6-июнга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан