Бүгүн, 6-июнда Биринчи Май райондук сотто Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун соттук иши уланат. Буга чейинки сот отурумунда соттук териштирүүлөр аягына чыгарылгандыктан 6-июнда соттун өкүмү угузула турганы белгилүү болгон.
Эске салсак, Исаков Матраимовду 2017-жылдын 23-ноябрында "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган. 26-апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп Исаковду сотко берген. Матраимов жумуштан мыйзамсыз алынганын белгилеп, кайра өз кызмат ордуна дайындалуусу керектигин талап кылууда.
Белгилей кетсек, Сапар Исаков Бишкек ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде 5-июнда УКМКнын СИЗОсуна эки айга камакка алынган.