Санкт-Петербург шаарында эки Кыргыз жараны бычакталды

Санкт-Петербург шаарында эки Кыргыз жараны бычакталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 31-майда Санкт-Петербург шаарындагы Колпинский районунун Понтонный айылында катталган.

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Сеңир айылынын тургуну 20 жаштагы Д.К. жана Таш-Көмүр шаарынын 28 жаштагы тургуну М.А.га белгисиз адамдардын кол салуусунан улам бычак сайылган. Алган жаракаттарынан улам Кыргыз жарандары шаардык ооруканага жеткирилген.

"Элчиликтин кызматкерлери ооруканага барып, дарыланып жаткан Кыргыз жарандарынын абалы менен таанышты. Дарыгердин билдирүүсүндө М.А. аттуу жаран медициналык жардам алган соң дүйшөмбү күнү үйгө чыгарылган. Ал эми Д.К. бычактан бир нече жолу жаракат алгандыктан төрт күн жандандыруу бөлүмүндө жатып, дүйшөмбү күнү эсине келген. Учурда анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Бул окуя боюнча Санкт-Петербург шаарынын полициясы кылмыш ишин козгоду. Мындан улам шектүү катары бир нече адам кармалып, дагы да кылмышка шектүүлөр изделүүдө", - деди элчиликтин басма сөз кызматы.

Учурда элчилик окуяны өз көзөмөлүнө алганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Дарыгер
2018-06-06 13:28:41
АЛЛАХЫМ сактасын ар Бир мекендешти. Эртереек айыгып кет Д.К.
0
Ask094
2018-06-06 13:35:46
Элчилик иштеп баштаган го коз тийбесин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан