Роналду "Реалдан" жылына 75 миллион евро талап кылып жатканы айтылды

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду "Реал Мадрид" клубунда карьерасын улантуусунун шартын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, чабуулчу салыктарды төлөгөнгө чейин жылына 75 миллион евро талап кылууда. Роналду учурдагы келишимге ылайык 42 миллион евро алат, ал эми салыктардан кийин калган сумма 21 миллион еврону түзөт. Ага салыштырмалуу Лионель Месси "Барселонада" 45 миллион евро алат.
Роналду "Реалдын" курамында 438 беттеште 450 гол киргизген. Мындан сырткары Чемпиондор Лигасын 4 ирет жеңген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
kilim
2018-06-06 09:13:01
Алкымы чонойуп бараткан го
-6
okumushtuu
2018-06-06 09:30:13
Туура менимче талап кылса болот себеби озуно ишенет. Таланты зор футболдо любой абалдан гол жарата алат. Баш он бут сол бут штрафной тиги бу короче мага ишенбесенер [moderated]дан коргуло. Азыркы заман ушундай сен уйуно уста чакырсан деле колунан жакшыраак иш келгени кымбат акча сурайт. Артис чакырсан деле бироо 100 доллар алат бироо 300 доллар ошол сыяктуу эле. Мен да оз онорумо тажрыйбама жараша акча талап кылам.
+10
Tyty1990
2018-06-06 09:43:31
Роналду кетип эле калсын. Алкымы чоноюп кетиптир. Реалда жакшы оюнчулар толтура.
-13
Isken.der
2018-06-06 09:52:46
ПСЖга кетуунун жолу го, Реал75 млн бербешин билет
-8
Syimyk.isaev
2018-06-06 10:09:45
75млн эвро?-деп тан калбай эле койгула. Роналду ага татыктуу. Роналду бул Реал.
+5
Rasul94
2018-06-06 10:14:17
Тушунбогонун деле жаза берет экенсинер да.окусанар салыгынын коптугун.жашаш керек да акыры,бала чака бар дегендей.Рон татыктуу 75 эмес 100 сураса жарашат. Реалда акча коп азыр
+7
aksy94
2018-06-06 10:20:25
Rasul94,21млн евро мн жашай албайбы 21млн евро деген канча млн сом билесинби
-4
bek_tash
2018-06-06 10:34:34
aksy94, канча сом болгону менен ал Кыргызстанда эмес да, салыгы эле 21 млн € болуп атат элестет... Бала-бакыра, той-топур деген барда анда деле.
+7
Dembele84
2018-06-06 10:37:41
bek_tash,Роналду 75млн талап кылгыдай 25жаштагы Роналду эмес.Ал акчаны толосо Кытай или Америка клубдары толошу мумкун.Перес да жинди эместир картан Роналдуга 75млн толоп
-3
Rasul94
2018-06-06 10:48:28
aksy94,сомго чагып не кыласын Аксылык тууганым
+4
Dembele84
2018-06-06 10:17:39
Карыганда калжандабай эле тынч ойноп журо бербептир
-6
bek_tash
2018-06-06 10:38:01
ХХХХХ 11 жыл школдо окубай футбол ойносом болмок экен ээ?)
+6
Makkambaev97
2018-06-06 10:58:40
Менимче татыктуу ушул акчага.Кыргызстандын студенттерине 1милл€ которуп жибер.
+5
portugalia
2018-06-06 11:34:03
Туура эле.Толук окубай эле аябай ичиңер тарыптыр го.Салыктары көп болсо бул да өзүнүн талабын коюп жатат да.
+4
nemo2016
2018-06-06 11:50:02
Мен Барселона клубнун куйорманымын бирок Ранолдону сыйлайм чынында ал 75еврого таттыктууу мээнети чон реалга
+8
Rasul94
2018-06-06 13:44:59
Адилеттуулугуно ыраазычылык дос
+6
Makkambaev97
2018-06-06 13:35:34
Роналду алга
+4
FCBMESSI
2018-06-06 15:18:22
75 млн бербей калдыго дейм Перес
-7
Bakulya97
2018-06-06 21:37:44
Месинин кее Бир фанатары ичи куйп кетаткенго ошого жазыштата картайган деп Роналду озу айтыгоо 23 жаштай баламын деп.
+1
Meni_unut
2018-06-07 11:39:10
Бору карысада бир койлук алы бар
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан