Борбордук Америкадагы эң активдүү вулкандардын биринин атылуусунан кийин эки жүзгө жакын адам дайынсыз болууда

Гватемала өлкөсүндөгү Фуэго вулканынын атылуусунан кийин 200дөй адам дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Биздин эсеп боюнча 192 адам дайынсыз болууда. Алардын аты-жөнү, жаш курагы жана кайсы айылдардан экени белгилүү", - деген Гватемаланын Табигый кырсыктардын таасирин азайтуу боюнча улуттук кызматынын башчысы Серхио Кабаньяс.

Ал эми аталган өлкөнүн Улуттук сот илимдер институтунун директору Фануэль Гарсия жаратылыш кырсыгынын кесепетинен каза болгон 75 адамдын сөөгү табылганы, 23 адамдын таанылганын айткан.

Айта кетсек, буга чейин Гватемала өлкөсүндөгү Фуэго вулканынын атылуусунан каза болгон адамдардын саны 65ке жеткени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ilbirs
2018-06-06 10:42:56
Аллахка шугур Кыргызстанда жанар тоолордун жоктугуна.
0
raykray
2018-06-06 14:50:32
Америка кырылып-кетсин мага десе
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан