Футбол боюнча Иран курама командасы Орусияга биринчи болуп Дүйнө биринчилигинин башталуусуна 9 күн калганда учуп келди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.Иран, Мароккодон сырткары Португалия жана Испания курамалары менен "B" тайпасына түшкөн.
Футбол боюнча Дүйнө биринчилиги 14-июндан 15-июлга чейин орун алат. Анда 32 курама катышат. Оюндар Орусиянын 11 шаарында жайгашкан 12 стадиондо өтөт.