SUPER.KG порталынын Түз эфиринин кезектеги коногу Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, актёр, режиссёр Мурат Мамбетов болмокчу.
"Композ", "Жаздык" деген ат Мурат деген ысымдан да көбүрөөк элге жакын. Эмнеликтен? Анткени берилген образды жеткире, элдин эсинде түбөлүк калгыдай аткаргандыгында. Актёр 1955-жылы, 8-октябрда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда жарык дүйнөгө келген. Коногубуз медицина кызматкеринин жана агартуучунун үй-бүлөсүндө туулган. Кесиптештеринин айтымында, Мурат Мамбетовдун бир туугандарынын баары медицина тармагын тандап, ата жолун жолдоп кетишсе, арасынан жалгыз гана Мурат Мамбетов искусствону тандаган.
"Биздин үйдө тартип аябай катуу болчу. Атамдын сабаганын эстей албайм, бирок көз карашынан эле катарга тизилип калчубуз. Атам атактуу Мамбет Мамакеев менен бирге окуган кыйын дарыгер эле. Көзү тирүү болсо 92ге чыкмак. Апам тазалыкты жакшы көрчү. Ал кишинин өтүп кеткенине да он беш жылдай болуп калды. Кесиби мугалим болчу.
Чынында окууга көңүлүм жок болчу, ойноп эле отурчумун. Бирок майрамдык кече, дубал газета менсиз өтчү да, жасалчу да эмес.
Алматыга актёрлукка окууга өткөндө 1-семестрди жалаң бешке тапшырдым. Мектепке барсам мугалимдер "ии, Мамбетов, кай жакта иштеп жатасың?" дешти, "окуп жатам, мына, жалаң беш" деп зачёттук китепчемди көрсөтсөм "дагы актёр болуп жатасың" деп араң ишенишкен", - дейт режиссёр.
Актёр Мурат Мамбетов Кыргыздын кино жана театр искусствосу жаатындагы Сабира Күмүшалиева, Болот Шамшиев, Бакен Кыдыкеева, Таттыбүбү Турсунбаева сыяктуу башка дагы көптөгөн дөө-шаалары менен иштешип калганына сыймыктанарын айтат.
Мурат Мамбетовдун режиссёрлук кылган тасмалары: "Аян", "Чиркин өмүр", "Апамдын махабаты", "Кууш жолдо", "Кара жолтой", "Тор", "Күлкүлятор", ж.б.
Тартылган тасмалары: "Ак куулар конгон айдың көл", "Аян", "Бөрү зындан", "Талаада атылган ок", "Запкы", "Куугунтуктоо", "Чиркин өмүр", "Мега Той", "Эл укпасын" ж.б.
Актёр үй-бүлөсү тууралуу "19 жашымда Алматыдан казак кызына үйлөнгөм. Бул никемден эки балам бар. Улуу балам Нурлан "Элес" тобунда ырдаган. Азыр деле ыр жазып, аранжировка кылат. Экинчим - Мээрим, медицина илимдеринин кандидаты. Турмушта ар кандай болот экен. Биринчи никем менен түбөлүк боло албадым. Венера (ред. Сатылганова) экөөбүздүн чогуу жашаганыбызга 18 жыл болду, ортодо Нурдан деген уулубуз бар. Нурлан, Мээрим менен күнүгө жок дегенде бир жолу телефон аркылуу сүйлөшөм. Ажырашып кеткенден кийин сөзсүз душман болуш керек эмес. Кээде биринчи аялымда маселе болуп калса, жардамымды аябайм", - дейт.
Кыргыз искусствосуна өз салымын кошкон жана кошуп келе жаткан таланттуу инсан Мурат Мамбетовго арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып +996 557 75 63 63 WhatsApp номерине узатыңыз. Ошондой эле түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып да жооп алсаңыздар болот. Актёр сиздин суроолоруңузга бүгүн, 6-июнь күнү саат 15:00дө баштала турган SUPER.KG порталынын Түз эфиринде жооп берет.
Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.