Токмокто адам өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча прокурордун жардамчысы толук акталып чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Токмок шаардык соту 31-майда айыпталуучу Данияр Сейталиевдин кылмыш иши боюнча өкүмүн чыгарган. Өкүмдө айыпталуучу толук акталган.
Данияр Сейталиевге буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) жана 121-беренеси (кишини коркунуч абалында калтыруу) боюнча айып тагылган.
Эске салсак, 2017-жылдын 17-июлдан 18-июлга караган түнү саат 00:20лар чамасында Токмок шаарына жакын жерде жол кырсыгы болгон. Анда Хонда Стрим жана Тойота Корона үлгүсүндөгү унаа сүзүшүп, биринчи унаанын айдоочусу (аял киши) ооруканада каза болгон. Ал эми экинчи унааны Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук прокурорунун жардамчысы Данияр Сейталиев башкарып бара жаткан. Айрым маалымат каражаттары Сейталиевдин мас абалда болгонун жана анын унаасында токтотулган 25 кылмыш иши табылганын жазып чыгышкан.