Ош облусунун Кара-Суу районунда мас абалындагы айдоочу башкарып бара жаткан унаа каналга кулап, бир жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 5-июнь күнү болжол менен саат 18:45 чамасында катталган.
"Жол кырсыгы Отуз-Адыр-Кызыл-Абад унаа жолунда, тактап айтканда, Нариман айыл аймагынын Осмон айылында болгон. Анда Дэу Тико үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу орто жолдон унаасын башкаруусун жоготуп, каналдын суусуна түшүп кеткен. Анын кесепетинен Кара-Суу районунун тургуну А.А. оор жаракат алып, көп узабай көз жумган. Ал эми айдоочу Күрөң-Кол айылынын 1958-жылы туулган Ч.Б. аттуу жараны экени аныкталган. Учурда унаа айып короосуна токтотулуп, кырсык боюнча Кара-Суу РИИБи тергөө иштерин баштады. Эртең райондук сот айдоочунун баш коргоо чарасын аныктайт", - деди маалымат катчы.