Бишкекте кечээ, 6-июнда кыз ала качуу аракети катталды. Бул тууралуу интернетке Толкун Кызаева аттуу жаран жазып чыкты.
Маалыматка караганда, окуя кечки саат 19:00 чамасында Чүй көчөсүндө жайгашкан Туризм академиясынын жанында катталганы жазылат. Анда топтошкон балдар күч колдонуу менен бир кызды унаага салып, ала качууга аракет кылышкан.
Бул окуя боюнча милицияга кабар берилген. Ала качуу фактысы катталганын Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматкери Адыл Оморов тастыктады.
"Маалымат бизге 19:30да келип түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, териштирүү иштерин жүргүздү. Мындан улам Кылмыш-жаза кодексинин 28-155-беренесине (аялды никеге турууга мажбурлоо, никеге туруу үчүн аны ала качуу же анын никеге турушуна тоскоолдук кылуу) ылайык кылмыш иши козголду. Кызды ала качууга шектелип 21 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну К.А. жана 28 жаштагы К.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деди Адыл Оморов.
6-июнда Бишкек шаарынын борбордук аянтында миңден ашык адамдын катышуусу менен "Биз, жаштар – кыз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршыбыз" деген аталышта флешмоб болуп өткөн.
Эске салсак, 20 жаштагы Бурулайды ала качып бара жаткан киши аны милициянын бөлүмүндө өлтүргөнү коомдо чоң талкууга алынып, милициянын шалаакылыгына нааразы болгондор көбөйгөн.