Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айыл аймагында 10 жаштагы өспүрүм кызды торпок сүйрөп кетип каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
"Окуя кечээ, 6-июнда саат 18:30 чамасында болгон. 10 жаштагы С.Г. үйүнүн короосунда жүргөн торпогунун моюнуна байланган арканды өзүнүн белине байлап, торпокту катуу айдап жиберген. Торпок С.Г.ны 120 метрдей жерге чейин сүйрөп кетип, кыз денесинен оор жаракат алган. Ал ошол эле айылдык ооруканага жеткирилип, ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Андан соң Кулунду айыл аймагындагы ооруканага жиберилген. Өспүрүм аталган ооруканага жетпей жолдо каза болгон. Учурда бул боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат", - деди маалымат катчы.